Карасартова Лейла

Википедия дан

Карасартова Лейла – акын. Бишкек шаарында 1974-жылы 6-августта туулган.

1991-жылы №58 орто мектебин, 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун бүтүрүп, «тарых мугалими», жана «экономист» кесиптерине ээ болгон.

1993-1999-жж. «Alperen», «Emel» Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканаларында түрк тилинен котормочу, 2001-2002-жж. №75 лицейде тарых жана экономика мугалими, 2004-2005-жж. IFSте менеджмент боюнча окутуучу, 2005-жылдан «MAARIF» борборунун жетекчиси болуп эмгектенүүдө.

2007-жылы бир тууган сиңдиси Н.Карасартова менен бирдикте «Бриллианты на снегу» аттуу ырлар жыйнагын чыгарган.

Анын ырлары «Адабий Кыргызстан», «Интернет» журналдарында, гезиттерде жана Ч.Айтматовго арналган «Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп» китебинде жарык көргөн.

2009-жылы Москва эл аралык китеп жарманкесинин жана КМШ жана чет өлкөлөр жаш жазуучуларынын IX форумунун катышуучусу болгон.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бриллианты на снегу: Сборник стихов. - Б.: Алтын тамга, 2007. - 90 с. (соавтор).

Маленьким Мечтателям: Стихи для детей. - Б.: Алтын тамга, 2009. - 68 с. (соавтор).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]