Карасартова Наргиса

Википедия дан

Карасартова Наргиса – акын. Бишкек шаарында 1978-жылы 29-августта туулган.

1995-жылы №58 орто мектебин, 1997-жылы Кооператив Ассоциациясынын Бишкектеги коммерциялык-экономикалык техникумун, 2001-2005-жж. өкмөттүк эмес уюмдун англис тилин үйрөнүү борборунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунан окуп котормочу, менеджер квалификацияларына ээ болгон.

2002-2003-жж. №58 орто мектебинде, 2002-жылы №75 лицейде, 2004-2006-жж. Манас айылындагы Ат-Башы гимназиясында окутуучу болуп эмгектенген.

2008-жылдан ЭлТР телерадиокомпаниясында журналист жана редактор болуп иштеп келет.

2007-жылы Ч.Айтматов эл аралык фондунун «Русская поэзия» тобунда жаш адабиятчылар мектебинин мастер-классынан өткөн. «В конце недели» гезитинде, Ч.Айтматовго арналган «Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп» китебинде чыгармалары жарыяланган.

Алгачкы китеби 2007-жылы бир тууган эжеси Л.Карасартова менен бирге «Бриллианты в снегу» деген ат менен жарык көргөн.

2009-жылы Москва шаарынын эл аралык китеп жарманкесинин, КМШ жана чет өлкөлөр жаш жазуучуларынын IX форумунун катышуучусу болгон.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бриллианты на снегу: Сборник стихов. - Б.: Алтын тамга, 2007. - 90 с. (соавтор).

Маленьким мечтателям: Стихи для детей. - Б.: Алтын тамга, 2009. - 68 с. (соавтор).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]