Карасуу гранат кени

Википедия дан

Карасуу гранат кени Токтогул районунда.

Каракөл шаарынан 45 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1600-1700 м бийиктикте жайгашкан. Протерозой тектеринин арасында курамында гранат кени бар кош слюдалуу сланецтердин 2 горизонту аныкталган. Алардын узундугу 4,5- 3,5 км, калыңдыгы 30-40 м.

Кендин 2-горизонту казып алууга ыңгайлуу; андагы гранаттуу катмарчалардын калыңдыгы 6 jure чейин. Гранаттын кристаллдары негизинен күңүрт, жаракачалуу, өңдөрү кызгылт, кызгылт-коңурдан жана бозомуктан коңурга жана күңүрт-бозомукка чейин.

Эң жалтырактары - майда кристаллдар. Кендүү катмарлардагы гранаттын өлчөмү 8-25%, орточо өлчөмү 10%. Абразив материалы катары пайдаланууга болот. Запасы 50 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5