Карате

Википедия дан
Каратэ‎»‎ барагынан багытталды)
A.
Карате-до

Карате (жапончо – куралсыз кол) – куралсыз коргонуунун бир түрү; кол жана бут менен каршылаштын денесине сокку берүүгө негизделген. Спорттун бир түрү. Рюкю аралдар тобундагы Окинава аралдарында 15 кылымда пайда болгон. Ошол кездеги князь Се Хайси (1470) курал көтөрүүгө уруксат бербеген. Ал жергиликтүү эл сырткы жоодон коргонуу максатында Каратени ойлоп табылган. Ал кезде Окинава Жапония менен эмес, Кытай менен тыгызыраак байланышта болгон. Ошентип, Карате Кытайдын кунг фу куралсыз күрөш түрү менен кошо өнүккөн. Азыр Каратенин карате-до (олимпиядалык спорт түрү), шотокан, кекусинкай, ситро-рю, годзюрю, вадо-рю деген түрлөрү бар. Азыркы Карате 20 кылымдын башында өнүктү; джиу-джицу күрөшүнүн приёмдору алынган. Эл аралык Карате федерациясы 1968 жылы қурулду. Ага 50-дөн ашык мамлекет мүчө (1999). Дүйнөлүк чемпионат 1970 жылдан, Европа чемпионаты 1971 жылдан өткөрүлүп келет. КМШ өлкөлөрдө Карате 1991 жылдан жайыла баштады. Каратенин карате-до түрү 2004 жылы Афинада өткөн 28-олимпиялык оюндар программасына киргизилди.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]