Карачова Батый Байгабыл кызы

Википедия дан

Карачова Батый Байгабыл кызы (1912-1987) Уз. Кант районундагы Жер-Казаар айылында төрөлгөн.

Айыл чарба артелинде эмгектенген. Батыйда уздуктун көп кырдуу учугу болгон. Оймочу да, бычмачы да, саймачы да аталган. Туш кийиз, аяк кап, күзгү кап, текче (секичек), кайчы кап өңдүүлөрдү такай кармаган. Анын түймөчүлүк өнөрү саймачылыгын ээрчиген. Анткени, саймага тор чачыктар ого бетер кооздук ыйгарган. Ал түймөчүлүктү өзүнчө көркөм үлгү катары эмес, кооз буюмдарга аралаш кармоо менен гана маанисин арттырган. Батыйдын көркөм көчөттөрү эки-үч элементтен айкалышат да, ич ара курулушунан турган бул түр менен сөлөкөттү ирээттүү түрдө жердикке чаташтырбай алмаштыра бере алат. Ушундан улам көчөт алмак-салмак окшоштурулбай орун алмаштырылат. Мындан бир бүтүм ой чыгарып, анын ички туюнтмаларын сармердендеп чечмелейт. Туш кийизинде анын уздугун айкындоочу көркөм көчөттөрдүн өзүнчө чыйыры дароо сезилет. Ал туш кийиздин ортосун четинин өңүнө карата тандайт. Чети кандай жердиктен болсо, ошол эле жердиктен анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна) тумарча (ортолук) коёт. Эгер туш кийиздин жердиги кара баркут болсо, мунун эң четине кызылдан бир кат жол түшүргөн. «Бычак учу оюмун» көчөт кылып, сары менен сайып, аны да кара жердиктен кызыл жип аркылуу айырмалаган. Туш кийиздин четтик көчөтүнө «жарым бадам», «жарым кыял», «бармак боочу» өңдүү оюм элементтерин бутактантып, тарам-тарам кылып, аларды кызыл, сары, көк аркылуу анча коюлантпай, бир сыйра ирээттүү көчүргөн. Буюмдун четки саймасы менен ортолук саймасын айырмалай турган эндүүрөөк «ала мончок», өзүнчө «жээк» түшүрөт да, анда кызыл, сары өңдөрдү «тап бердире» гана саят (саймачылыкта «тап бердирүү» көчөттү коюу эмес сейректете саюу). Күзгү каптын көркөм көчөттөрү туш кийизден айырмаланып, капкагы, этеги тор жана топ чачыланат. Кылыч байлоо менен да кооздолот. Ага түшкөн ар кандай көчөттөрүнүн чекесин уз ак сары жип аркылуу «ала мончоктойт». Негизинен көркөм көчөттөр кызыл жип менен сайылып, дагы даана ачыш үчүн анын четинен сары, ак өн курчайт. Көчөттүн эки булуңундагы кызылдын ичи эки курдай сары, ак менен алмак-салмак айландырылат. Уздун түшүргөн «кыял көчөтүнүн» ортосунда да «суу» жүгүртүп, өңдү ача билүүсү көрүнөт. Күзгү кабы менен текчеси бир бүтүмдү түзөт. Батый тогуз-он жашынан узданууга отурган. Энеси Айша кызын нускалап, кийим-кечектерди бычып-тигүүгө шыктандырган. Батый ботонун уяң жүнүн кылдай ичке ийрип, чыйрак чыйратып, түрдүү түзгө боёп, таарга да, териге да, кийизге да, кездемеге да элдик көчөттөрдү көчүрүү аракетин мыкты өздөштүргөн.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1978-ж. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата «Жасалга өнөр чеберлеринин республикалык кароо-сынагы». Күзгү кап, текче сайма буюмдары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин III даражадагы диплому; 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Шырдак жана туш кийизи үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Шырдагы үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0