Караңгылыкта бийлеген бийкеч

Википедия дан

Караңгылыкта бийлеген бийкеч (англ. Dancer in the Dark, орус. Танцующая в темноте) (дания тилинде: Danser i mørket) 2000-жылы Ларс фон Триер тарткан даниялык мюзикл драма. Тасмада исландиялык ырчы Бёрк фабрикада иштеген кыялкеч иммигранттын ролун аткарат. Мындай татаал тагдырга туш болгон баш каарман, өз уулунун андай тагдырга кабылбашы үчүн анын көзүнө операция жасатууга акча чогултат. Тасмада роль жараткандар: Кэтерин Дэнеув, Дэвид Морс, Кара Сеймур, Питер Стормаре, Сиобан Фаллон Хоган жана Жоел Грей.

"Selmasongs" альбому деп чыгарылган тасмадагы саундтректерди негизинен Бёрк жазган. Ошондой эле Марк Белл жана сөздөрүн жазууда Триер менен Сжондун да салымдары бар. Буга кошумча Роджердин үч ыры жана Хаммерштайндын "Музыканын добушу" да тасмада колдонулган.

Бул тасма фон Триер тарткан "Алтын үчилтиктин" бири болуп саналат. Калган экөө: "Толкундарды талкалай"(1996) жана "Келесоолор" (1998).

"Караңгылыкта бийлеген бийкеч" алгач 2000-жылы "Канн Кино Фестивалында" көрсөтүлгөн. Тасмадагы Том Йорк жазган "Мен анын баарын көрдүм" ыры, Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты ыр" наамына көрсөтүлгөн. Тасма кээ-бир киносынчылар тарабынан мелодрама деп аталса. кээ-бирлери тарабынан 2000-жылдын эң маанилүү тасмаларынын бири деп эсептелинип келет.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]