Караңгылыктын борбору

Википедия дан

"Караңгылыктын борбору" (англ. Heart of Darkness) - британиялык жазуучу-романист Жозеф Конрадтын 1899-жылы жазылган новелласы. Чыгармада Марлоу аттуу деңизчинин Конго дарыясы үстүнөн Африканын борборуна саякаттап баргандыгы сүрөттөлөт. Марлоу, Темза (Лондон, Англия) дарыясында турган кемеде өзүнүн окуясын досторуна баяндайт. Ошол жерде айтылган, пилдин сөөгүн сатып мыйзамсыз соода кылган Курц жөнүндөгү баян, Лондон менен Африканын ортосундагы жаман иштердин параллелин чагылдырат.

Романда маданиятуу адамдар менен жапайы катары сүрөттөлгөн адамдардын ортосунда даана айырмачылыктын жок болгондугу сүрөттөлүп, империализм жана расизм маселелери козголот.

Blackwood's журналынын 1000чи нускасынын чыгуусун белгилеш үчүн чыгарылган үч бөлүктөн турган окуя көптөгөн тилдерге которулган. 1998-жылы, Modern Library, романды 20-кылымдын 100 эң мыкты китептеринин тизмесинде 67-орунга жайгаштырган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]