Кара-Баткак офикальцит кени

Википедия дан

Кара-Баткак офикальцит кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Покровка кыштагынан 28 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Чоң Кызыл-Суу өрөөнүнүн төрүндө. Кен аймагында протерозойдун акиташ теги, сланец жана кварциттин сыныкчаларынан турган морена чөгүндүлөрү жатат. Мында туурасы 20-40 м, узундугу 400 м келген аянтта офикальциттин кой таш, шагыл түрүндөгү кесек (0,8 мге чейин) сыныкчалары кезигет. Алар жалпы моренанын 8-10 %ин түзөт. Офикальцит өтө кооз, кызгылт боз, күңүрт жашыл түстө. Жакшы сайкалданат. Запасы 100 м3. Кооз майда буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]