Кара-Дарыя шаар чалдыбары

Википедия дан

Кара-Дарыя шаар чалдыбары – б. з. ч. 4–1-кылымга таандык шаардын калдыгы. Өзгөн шаарынан 15 км түштүк-чыгышта Кара -Дарыя суусунун оң тарабында, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң менен курчалып, чарчы сымал дубал менен бекемделген. Дубалдын узундугу 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, анын дубалынын бийиктиги 10 м. Археологиялык изилдөөлөрдө Шоробашат маданиятына мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-кылым) оймо-чиймелер менен кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин баштары, темир тегерек шакекчелер табылган. Бул эстеликти Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник изилдешкен.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.