Кара-Дөбө көмүр кени

Википедия дан

Кара-Дөбө көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынан 70 км түндүк-чыгышта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, Карадөбө жана Байбиче сууларынын алаптарынын ортоңку бөлүгүндө. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1909–16-ж. Д. И. Мушкетовдун изилдөөлөрөндө кездешет. 1941–45-ж. издөө иштери көмүр кабаттарынын жер үстүнө чыккан тилкесинде тоо казындыларын өтүү менен жүргүзүлгөн. 1990–92-ж. көмүрлөрдү издөө иши жүргүзүлгөн. Кен Балкамыш участогу жана Делдекетоо аянты болуп экиге бөлүнөт. Көмүр туюк свитасы менен байланышкан. Чаарташ жана зындан свиталары аз көмүрлүү. Көмүрлүү туюк свитасында 20дай кабатча бар. Алардын ичинен 4 кабат кеңири тараган, калыңдыгы 0,50 мден 5,20 мге чейин. Кендин көмүрү сапаты жана технологиялык касиеттери боюнча биринчи майсыз (1 Т) жана экинчи майсыз (2 Т) маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 5,57%тен 14,85%ке чейин, күйүү жылуулугу 33,76–36,43 МДж/кг (8065–8703 ккал/кг). Кендин көмүрү жогорку сапаттагы энергетикалык отун катары, карбид алууга жана кокстоо процессине колдонууга жарайт. Кайра бааланган (1990-ж.) болжол ресурстары 40446 миң т. Делдекетоо аянтынын Батыш участогунун түштүк жагында ачык казып алуу үчүн жергиликтүү участок бөлүнгөн жана запасы эсептелген. Анын запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 42 миң т (1995-ж.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]