Кара-Жылга сейрек металлдар кени

Википедия дан

Кара-Жылга сейрек металлдар кени Талас районунда, Каражылга тоосунда, Кең-Кол суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1850–2200 м бийиктикте. 1957–61-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен рифейдин каражылга гранит жана гнейс–гранит интрузиясынын эндоконтактысынын түндүк-чыгыш бөлүгүнө туура келет. Руда тулкулары граниттин катаклазданган, гнейстелген зоналарына туташып, түндүк-батышка созулган жараканын бузулуштары менен байланышкан. Негизги руда минералдары: ферриторит, торит, ортит, монацит, ильмонорутил. Рудадагы сейрек учуроочу металлдардын кычкылынын орточо өлчөмү – 0,1 – 0,7%. Сейрек учуроочу металлдардын болжол ресурсу 16700 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]