Кара-Кужур көрүстөнү

Википедия дан

Кара-Кужур көрүстөнү, Таш-Дөбө – биздин замандын 7–9-кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Нарын аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн орто ченинде жайгашкан. Диаметри 44 м, бийиктиги 3,5 м. Аны жүзгө жакын майда дөбө-коргон курчап турат. Айрымдарынын жанында тикесинен тургузулган моло таштар бар. Тик казылган көргө маркум, аты жана ат жабдыктары менен бирге коюлган. Казуу учурунда шайынын калдыгы, мончоктор, бычак, тогоо, темир жебелери бар саадак, жаа, коло чөгөрүлгөн кайыш кемерлер, темир ооздук, үзөңгү жана жыгач ээрдин калдыгы табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]