Кара-Кужур ойдуңу

Википедия дан

Кара-Кужур ойдуңу Ички Теңир-Тоодо. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Кара-Жорго тоосу менен курчалат. Кочкор районунун аймагында. Аянты 1240 км2. Узундугу 80 км, туурасы ортоңку бөлүгүндө 6–8 км; батыш бөлүгү кууш (1 кмге чейин). Таманы тектирлүү түздүк; бийиктиги батышында 2500 м, төрүндө 3200 м, туурасы 6 км. Төртүнчүлүк мезгилдин борпоң шиленди тектерине толгон. Климаты мелүүн континенттик. Январдын Орточо температурасы –12,5°C, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 366 мм. Кышында кар аз түшүп, жер «кара» чыгат. Шамал көбүнчө батыштан согот, орточо ылдамдыгы 2,7 м/сек. Ойдуңу аркылуу Кара-Кужур суусу агат. Ортоңку жана жогорку бөлүктөрү булактуу, айрым жери саздак. Төрүндө аянты 0,15 км2 келген 2 көл бар. Кылканактуу-шыбактуу кургак талаа (2400–2700 м), субальп жана шалбаалуу талаа, альп шалбаалуу талаа (2700–3500 м), субнивалдык суук чөл, гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Ойдуңда Нарын жана Кочкор районунун малы кыштайт. Ортоңку бөлүгүндө көп жылдык тоют чөп, арпа айдалат. Ойдуңда Жер-Көчкү, Улакол, Кара-Кужур жана башка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]