Кара-Кум

Википедия дан

Кара-Кумтопоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:

Жетиген жагын карасак,

Жерин өлчөп санасак

Илепси бар Кара-Кум

Күн чыгышы Сары-Арка

Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15) делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4