Кара-Мазар кенташтуу аймагы
Кара-Мазар кенташтуу аймагы Курама кырка тоосунун батыш капталынан орун алган. Сыр-Дарыя менен Ангрен сууларынын өрөөнүндө (Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын аймагында) кездешкен ири полиметалл кени. Аянты 8 миң км2. Силур, пермь жана булардан кийинки мезгилдерде пайда болгон чөкмө тектер, жанар тоо чөкмөлөрү, каледондогу гранит интрузиялары жолугат. Булар герцин бүктөлүү циклине дуушар болуп, өзгөрүүлөргө учураган. Мында коргошун менен цинктин 20дан ашык кени бар, ошондой эле жез, висмут, темир, флюорит кендери да кездешет. Ири кендерге Алмалык, Калмакыр, Калкан-Ата (Түндүк тарабында), Текели, Алтын-Тапкан, Кан-Сай (батышында), Канимансур, Лашкерек (чыгыш жагында) жана башка кирет. Алардын айрымдары биздин замандын 1-кылымында эле казылып алынганы белгилүү. Кен ташта коргошун, цинк, жез, алтын, вольфрам, молибден металлдары кездешет. Коргошун менен цинк кендери скарн түрүндө (Алтын-Тапкан, Кан-Сай, Чал-Ата, Таш-Булак), жанар тоо чөкмөлөрүнүн өзгөрүүгө учураган зоналарында (Канимансур, Чукур-Жылга, Замбарак, Лашкерек), ошондой эле гранит интрузиясы (Гудас, Умбетти) менен карбонаттарда жолугат. Жез менен коргошун гидротерм процессинен өзгөрүлгөн интрузиялардан (Алмалык, Калмакыр), висмут кен ташы магнетиттүү скарндардан (Чокадамбулак), флюорит магмалык тектердеги тектоникалык жаракалардан (Наугарзан, Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен герцин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Айрым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9