Мазмунга өтүү

Кара-Ой баткак кени

Википедия дан

Кара-Ой баткак кени Ысык-Көл районунда, Кара-Ой (Долинка) кыштагынын түштүк-чыгышында, Ысык-Көлдүн жээгинде. 1957-ж. табылып, 1965-ж. запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон. Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2 – 0,3 м) күкүрттүү суутек жыттанган, анын асты бозомтук кара (0,3 м) жана боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум жана кум–чополуу ылай жатат. Баткак аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/л ге жетет). Баткактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден чоң өлчөмдөгү бүртүкчөлөр менен булганышы 0,2%тен ашпайт. Салыштырма салмагы 1,4–1,5 г/см3. Аянты 2200 м2, орточо калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]