Кара-Саадак көрүстөнү

Википедия дан

Кара-Саадак көрүстөнү – 1–5-кылымга таандык дөбө-мүрзөлөр. Куршап суусунун Кара-Дарыяга куйган жерине жакын жайгашып, 60тай мүрзөдөн турат. Диаметри 5–20 м, бийиктиги 0,5–1,5 м. Маркумдардын сөөгү казанактуу жайга коюлган. Булардын ичинен 12 мүрзө изилденип, ар кандай түрдөгү жана чоңдуктагы карапа идиштер, темир бычактар, азем буюмдар жана башка табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]