Кара-Сан корукчасы
Көрүнүш
Кара-Сан корукчасы – Лейлек районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Түркстан кырка тоосунун Түндүк капталында, Лейли Мазар, Жети-Көпүрө, Өрөм сууларынын алабындагы тоо капталдарын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан доңуз, чүткөр, элик, тоо эчки, улар жана башка жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9