Кара-Суу түздүгү

Википедия дан

Кара-Суу түздүгү, Ош – Кара-Суу түздүгү Фергана ойдуңунун чыгышында. Чыгышынан Отуз-Адыр, батышынан Анжиян, түштүгүнөн Лаглан, Ноокат адырлары менен чектешет. Кара-Суу районунун аймагында. Узундугу 70–80 км, жазылыгы 40–50 км. Деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 1013 м. Түздүктөн Ош, Чилмайрам тоолору көтөрүлүп жатат. Түндүккө карай жантайыңкы. Жери түз, майда дөңсөөлөр кездешет. Төртүнчүлүк мезгилинин кум-чополуу тектери жана лёсс (калыңдыгы 25 мге чейин) менен капталып, боз топурактуу. Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 24–25°C), кышы жылуу (январдыкы –3... –4°С). Жылдык жаан-чачыны 250–360 мм. Түздүк аркылуу Ак-Буура, Шааркан-Сай суулары агат. Жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафты басымдуу. Пахта, тамеки, рапс, тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Түздүктө Ош, Кара-Суу ш. жана бир нече кыштак жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]