Кара-Чуңкур, Түп району

Википедия дан

Кара-Чуңкур, Түп районуЫсык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Санташ айыл округуна караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Түп-Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 29 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 220 км. Калкы 1488 (2007); негизинен мал менен алектенип, тоют өсүмдүктөрүн даярдашат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дарыкана жана маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]