Кара-Чуңкур, Түп району
Көрүнүш
Кара-Чуңкур, Түп району – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Санташ айыл округуна караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Түп-Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 29 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 220 км. Калкы 1488 (2007); негизинен мал менен алектенип, тоют өсүмдүктөрүн даярдашат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дарыкана жана маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9