Кара-Үңкүр капчыгайы

Википедия дан

Кара-Үңкүр капчыгайыИчки Теңир-Тоодо. Нарын районунун аймагында. Долон ашуусунун чыгышын Оттук суусу кесип өткөн жерден Кара-Үңкүр капчыгайы орун алган. Узундугу 35 км, ортоңку бөлүгү жазы, кууш жери 100–200 м. Эң жазы жеринде Кара-Үңкүр кыштагы жайгашкан. Оттук суусунун өрөөнү деңиз деңгээлинен 2450–3000 м бийиктикте. Капчыгай палеозойдун сланец, акиташ теги, конгломерат тектеринен турат, V сымал. Капчыгай аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]