Кара Ногой

Википедия дан

Кара Ногойэтноним."Манас" эпосунда кыргызга канатташ жашаган уруулардын бири. Көпчүлүк эпизоддордо К. н. белгилүү каармандардын уруусу катары сүрөттөлөт: "Кара Ногой Жамгырчы, Сары Ногой Эр Манас (Радлов жазып алган вариант, 7). "Манаста" К. н. жана Сары ногой тууралуу маалыматтар, тарыхый болмуш көркөм формада чагылдырылган. К. н. тарыхта Жуучу кандын небереси болгон Ногойго (13-кылымда жашаган) караштуу эл. Кийинчерээк ногойлор деген эл жалпы аталып өзүнчө болуп калыптанган. Бул түрк-моңгол элдеринен куралган калк. Алтын-Ордонун жана ал кулаганда Ногой ордосунун курамына кай бир кыргыз уруулары киргенин эсепке алганда "Манас" эпосундагы К. н. тууралуу билдирүүлөр тарыхый чындыкты чагылдырган дешке болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4