Кара аксак

Википедия дан

Кара аксак (Paronychia contagiosa) – малдын туягын сезгентүүчү жугуштуу ылаң. Адегенде, салаасы жабыркап, кийинчерээк терең жарага айланып, туякты чиритет. Кара аксак менен кой, эчки жана бодо мал ылаңдайт. Ылаң козгогуч бактерия туяктын ар кандай жаракатында, нымдуулукта жана организм начарлаганда жугат. Ылаң соо малга ылаңдаган койдон, микроб менен булганган кыктан, суудан, топурактан, тоюттан ж. б. жугат. Кыргызстандын шартында Кара аксак айрыкча жаз жана күз мезгилдеринде кеңири таралат. Ылаңдын букма мезгили 3–6 күн. Ылаң белгилери башталганда эле бардык ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, аларды сиңимдүү тоют жана кургак жайлар менен камсыз кылуу зарыл. Өсүп кеткен туякты кесип, жараланган жерлерин тазалайт. Кара аксак жеңил формада өткөндө аэрозолдуу дарылар – кубатол жана хроницин жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]