Кара балта

Википедия дан

Кара балта, кыргыз балта – курч темирден жасалган, узун саптуу эмгек шайманы. Мизи сабына жарыш, анча жазы эмес (6—8 см), башы уңгусуна чейин калың, сапталуучу көзөнөгү тегерек, сабынын узундугу 50–60 см. Четин, кайың сыяктуу жумуру жыгачтан жасалат. Кара балта ак балтага караганда 1,5–2 эсе оор келип, көбүнчө отун жарууга колдонулат. Кара балта азыр сейрек кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]