Кара басуу

Википедия дан

Кара басуу - төрөт мезгилинде же төрөттөн соңку аялдардын эстен тануусу. Төрөттөн алсыраган аялдар кан тамырынын, нерв системасынын жана жалпы эле дене түзүлүшүнүн өзгөрүшүнөн улам алсырап, эстен танышат. Кара басуунун себеби белгилүү болгонго чейин анын алдын алуу үчүн атайын куучулар, бакшылар, табыптар чыгышкан. Алар алыстан эле караны коркутуу үчүн айкырып, бакырып келишкен. Эстен танган аялды тургузуп, кулагынын астынан мылтык атып эсине келтирген учурлар кездешет. Кара - катуу ооруга чалдыккан адамдарды да басат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]