Кара дары

Википедия дан

Кара дары – жарылуучу зат. Ал 75% калий нитратынын аралашмасынан, 13% жыгач көмүрүнөн жана 12% көмүрдөн турат. Ар бир ингредиент алгач майдаланат, анан аралаштырылат жана алынган аралашма нымдалып, дагы бир жолу майдаланат. Алынган масса белгилүү өлчөмгө чейин ныкталып, анан кургатылат. Жарылуу учурунда күйбөй калган күкүрттүн жана жыгач көмүрүнүн калдыгы кошулуп, жарылуудан кийинки түтүндү пайда кылат. Кара дары10-кылымга чейин кытайлар менен арабдарга белгилүү болгон. Ал эми Европада 14-кылымдан баштап, 1904-жылга чейин согуштук иш-аракеттерде колдонулган. Азыр кара дары дээрлик колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]