Кара желин

Википедия дан

Кара желин, жугуштуу агалактия (Agalactia infectiosa ovium) – малдын желининен сүт чыкпай калышы. Ылаң козгогучу микоплазмалар тукумундагы микроорганизм, ал сырткы чөйрөдө (10–25°С) 6 айга, сүттө 10 күнгө, сууда 30 күнгө, коргоолдо 10 күнгө, топуракта 20 күнгө чейин сакталат. Ылаң соо малга жем-чөп, желини жана денедеги майда жаракаттары аркылуу жугат. Ылаң өнөкөт өтүп (2–5 айга чейин), көбүнчө желини дартка чалдыгат, козу, улактардын көзү же муундары ооруйт. Ылаң курч өткөндө оору 1–2 жумага созулуп, малдын денеси ысыйт. Тууган малдын желини чочуп, адегенде көгүлтүр тунук суюктук чыгат, андан кийин ал суюктук коюуланып илээшкек тартып, майда иримчиктер пайда болот. Сүтү туз татыйт. Ылаң эпизоотологиялык, клиникалык жана патанатомиялык маалыматтардын негизинде коюлат жана бактериологиялык изилдөөлөр менен такталат. Ылаңдан көзү жараланган малды күндүн нуру түз тийбеген саал караңгыраак сарайга багып, көзүн бор кислотасынын 1%түү эритмеси менен 3 маал жууйт. Малдын жараланган желинин дарылоо үчүн үрпү аркылуу желиндин ичине күнүнө үч маал йод же йоддуу калийдин суудагы эритмесин же пенициллинди куюу керек. Мында 200 мл сууга 0,1 г кристаллдык иод жана 0,1 г иоддуу калийди эритип, 100–150 миң ТБ пенициллин кошулат. Козунун мууну сезгенгенде ошол муунга жакын тери алдына 1%түү көк таш эритмеси куюлат. Ылаңдап айыккан жаныбарда иммунитет пайда болот. Ылаңга каршы вакцина менен эмделген малда иммунитет 12 айга дейре созулат. Ылаңды чарбага жолотпоо үчүн алдын алуучу карантин коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]