Мазмунга өтүү

Кара кийүү

Википедия дан

Кара кийүү — аза күтүү салты. Күйөөсү же башка тууганы каза болгон аял кара түстөгү кийим кийип, чачын жайып, башына кара жоолук салынып жүрүшү аза күтүү белгисин билдирет. К. к. көбүн эсе күйөөсү өлгөндөргө карата айтылат. Элдик оозеки чыгармаларга, этнографиялык эски материалдарга караганда илгери кара кийген, өлгөн эринин кебетесин элестеткен сөлөкөт (тул) жасап, ага анын чапанын жаап, баш кийимин үстүнө коюп, көшөгө тартып, аза күтүп ыйлаган."Манас" эпосундада кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр К. к. менен бирдей маанини билдирет: "Айкөлгө тулду тарттырып, КызСайкал келип түштү дейт, Асемин журттан арттырып, Кара кийип, кан жутуп, Кабыланга аза күттү дейт" (Курама варианты, 1. 303). "Ошондо кайран катынКаныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында" (Курама варианты, 1. 307), к. Тул.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4