Мазмунга өтүү

Кара койлуулар

Википедия дан

Кара койлуулар (түркчө – кара-коюнлу; туусундагы кара кой сүрөтүнөн аталган) – 14–15-кылымдарда Ван көлүнүн Түштүк аймагын мекендеген огуз-түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикме түзгөн мамлекеттин аталышы. Кара койлуулар уруулары адегенде Осмондор менен Жалайирлерди колдоп, жардам берген. Тимур өлгөндөн (1405) кийин, Кара койлуулар Тимур тукумдарына, алардын союздашы Ак койлууларга жана Жалайирлерге каршы согушуп, Жалайирлерди ойрондоткон. Азербайжан, Ирак, Арменияны каратып, 1410-жылы Кара койлуулар мамлекетин негиздеген. Бирок Кара койлуулар 1435-жылы Тимур тукумдарынан жана ширваншахтар аскеринен жеңилип, Тимур тукумдарына күңкор болгон. Тимур тукумдарынын султаны Шахрух өлгөн (1447) соң, Кара койлуулар өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, 1453–57-жылдары Батыш Иранды басып алган. 1467-жылы Ак койлуулар Кара койлуулар мамлекетин талкалап, 1468-жылы каратып алышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]