Кара кунас

Википедия дан

Кара кунас Qaraqunas - байыркы түрк доорунан адамдын энчилүү аты катары белгилүү. Карагунас (караунас) Рашид ад -Диндин «Тарыхтар жыйнагында» («Жами ат-Таварих») моңгол-сулдуздардын курамындагы урук катары эскерилет. Изилдөөчүлөр этностук аталыштын канаттуу кушка байланыштуу келип чыккандыгын белгилешет. Каракунас - буту менен мойну узун, илегилек сыяктуу келгин куш. Бул этноним Фергана өрөөнүндө байырлашкан түрктөрдүн (учурда бул этнографиялык топтордун кыргыз, өзбек жана башкалар курамдарына жуурулуу процесси жүрүүдө) курамында да бар экендиги аныкталган. Ушул эле сөз менен 13-17-к. Мавераннахр чагатайларынын лакап аты белгилүү болгон. Мындан сырткары, 15-к. моголдор (Моголистандыктар) теги аралашкан адамдарды «караунас», «карагунас» деп аташчу. Ал эми чагатайлар (дүрмөн, барлас жана башкалар) моголдордо өз учурунда «жете», «чете» (каракчылар, карактап-тоноочулар) деген ат менен белгилүү болушкан. Түркмөндөрдөгү «гарнас» этнономи учурда «аралаш», «конгломерат» маанисин аныктайт. Демек, бул сөз орто кылымдардан адамдардын, уруунун энчилүү аты, айрым этностук топтордун (чагатайлар) лакап аттары катары белгилүү болуп келет. Арийне, түпкү мааниси «топ», «жыйын», «конгломерат», «курама эл, урук» деген бул сөздүн канаттуу куштун да атын туюнтушу кошумча иликтөөлөрдү талап кылат. Кара кунас - жору уруусунун курамындагы урук аталышы катары маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]