Кара куурай

Википедия дан
Cannabis sativa.

Кара куурай (лат. Cannabis, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумунун уруусу. Бир жылдык чөп. Жаш кара куурайдын сабагы жумуру, жумшак жана түктүү. Бийиктиги 0,5–4 м, жоондугу 8–30 мм. Өзөк тамырлуу. Жалбырагы жазы, түсү көк, жашыл. Шыпыргы сымал топ гүлү негизги жана каптал бутакта жайгашат. Кара куурайдын вегетация мезгили 65–70 күндөн 140–160 күнгө чейин. Уругу топурактын температурасы 8–10°Сде өнүп, 20–25°С температурада жакшы өсөт. Кара куурайдын данында тамак-ашка, техникада пайдаланылуучу 30–35% май бар. Индия, Иран, Түркия жана башка өлкөлөрдө май жана нашаа алуу үчүн эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]