Кара сан

Википедия дан

Кара сан – малды калтыратып, булчуң эттерин шишитип, карартып жиберүүчү жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы – анаэробдук шартта өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. Узундугу 2–8 мкм, туурасы 0,6–1,0 мкм. Капсуласы жок, чөйрөдө спора пайда кылат. Спорасы түрдүү шарттарга чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыкта 6 айга чейин сакталат. Көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бодо, уяң, кылчык жүндүү жана эт, жүн багытындагы койлор ылаңдайт. Меринос тукумундагы жана кылчык жүндүү жергиликтүү койлор ылаңга туруктуу дөөлөрдүн негизинде аныктайт. Кара санды сибирь кулгунасынан жана килең шишигинен айырмалоо зарыл. Кара санга эрте диагноз коюп, дарылоо кечиктирилбей башталса гана ийгиликке жетишүүгө болот. Ылаң байкалган жерде кара санга каршы концентрациялык формолвакцина (өлүү) же тирүү вакцина колдонулат. Ылаң чыккан чарбаларга карантин коюлат. Кара сан Кыргызстанда да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]