Кара чирик

Википедия дан

Кара чирик – өсүмдүк илдети. Аны мите козу карын жана топурак бактериясы пайда кылат. Кара чирик илдетине көбүнчө картөшкө, томат, кожогат, жүзүм, сабиз, ошондой эле тамеки жана люпиндин тамыры, гозонун буласы чалдыгат. Картөшкө кара чиригин тамыр кара чирик бактериясы пайда кылат. Илдеттүү картөшкөнүн өзөгү чирип, кабыгы карарат да жарылып, киргил суюктук агат. Томат кара чиригин Diplodina destructiva Plowr мите козу карыны пайда кылып, томаттын быша элек мөмөсүнө боз чуңкур так түшүп, карарып кетет. Каршы күрөшүү чарасы: аңызда, сактагычта кара чирик илдетине чалдыккан томат, картөшкөнү жок кылуу, үрөндүк картөшкөнү формалин менен дезинфекциялоо, томаттын түшүмүн жыйноого 5–7 күн калганда 1% бордо суюктугун чачуу жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]