Карбазол

Википедия дан

Карбазол, дибензопиррол C12H9N – гетероциклдүү бирикме; молекулалык салмагы 167,21; түссүз кристалл, эрүү t 238°С; кайноо t 354–355°C; сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Пиррол шакекчесине мүнөздүү түстүү реакцияны берет, начар негиздик касиетке ээ. Кислоталарды таасир этүүдө туруксуз туздарды пайда кылат. Галогендөөдө 3жана 3–6 туундуларын, сульфирлөөдө 3-карбазолсульфо кислотаны же 1, 3, 6, 7 карбазолтетрасульфо кислотаны берет. Карбазол таш көмүр чайырынан, ошондой эле синтез жолу менен аминдифенил, фенантрен ж. б-дан алынат. Карбазол боёк, дары-дармек, пластмасса, инсектициддерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]