Карбиддер

Википедия дан

Карбиддер көмүртек менен металлдар жана кээ бир металл эместер болгон хим. бирикмелери. Хим. байланыш типтери б-ча иондук, коваленттик жана металл сымал болуп бөлүнөт. Иондук К. металл атомдору - катион, көмүртек анион катарында каралат. Суу менен биригип, ацетилен же метанды бөлүп чыгарат. Мис.; Li2C2,Na2C2, CaC2, Cu2C2, Al3C4 ж.б. Коваленттик К. кремний жана бор К. SiC, B4C мисал болот. Аларда атом аралык байланыштары өтө күчтүү болгондуктан өтө катуу, ысытууга туруктуу жана жарым өткөргүч касиетине ээ. Металл сымал К. - металлдарга окшош электр тогун жакшы өткөрүүчү, катуу, морт заттар. Алар жогорку темп-рага жана к-таларга абдан туруктуу К. негизинен күкүмдөлгөн металлдарды көмүр менен инерттүү чөйрөдө жогорку темп-рада ысытуудан алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]