Мазмунга өтүү

Кузгун

Википедия — ачык энциклопедия
("Карга‎"‎ барагынан багытталды)
Кузгун
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Corvus corax Linnaeus, 1758

Аймак
сүрөт

     Уялашат      Жыл бою

     Миграция аймактары
Коргоо макамы

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  179725
NCBI  56781
EOL  45510016
Corvus corax principalis

Кузгун - карга сымало куштардын бир түрү (Corvus corax). Ал тарп дагы жейт. Алдашев А.А.Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү, 1998. Б. 134.

Кузгундар – көйгөйлөрдү чечүү жана социалдык жүрүм-туруму менен белгилүү болгон абдан акылдуу канаттуулар.

Айрым түрлөрү үндөрдү, анын ичинде кишинин сүйлөөсүн туурай алышат. Кузгундар жана башка майда каргалар да ар бир кишинин жүзүн таанып, эстеп калаары жана мурунку өз ара аракеттенүүлөргө жараша ар кандай жооп кайтарары байкалган.

Карга, кузгун жана этнографиялык маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саян-Алтайдын түрк-монгол элдеринде карга - ыйык деп эсептелген канаттуу. Хакас этнографы, профессор В.Я. Бутанаев бирюсин-хакастардагы «харга» этнониминин (суг харгазы, таг харгазы) баштапкы маанисинде тотемдик негиз бар экендигин белгилейт. Хакастар (хакас- бирюсиндер) карганы ыйык тутушкандыгын, бул канаттууну табу (тыюу салуу) иретинде «кара таан» деп аташкан. Тунгус тилдүү элдерде (эвенктерде) харга «жапайы бугу» маанисин- деги этностук аталыштар бар. Мындан сырткары, жапайы бугу (эвенкче - «харги») — шамандардын идеологиясындагы тотемистик башатты аныктайт. Харги — шамандардын башкы колдоочусу, жетекчиси, устаты катары түшүнүк калыптанган. Карга — тува шамандарынын түшүнүгүндө оорулуунун жарасын айыктырууга жана өзүнө душман шаманды издеп табууга жардам берген. Бул мисалдар жалпы карга «харга» харги терминдеринин баштапкы тотемистик негизин аныктап жүрбөсүн? Тунгус тилдүү элдердин мифологиясында карга дүйнөнү жаратууга катышкан аялдын элесин берген. Ошондуктан бул канаттууга багышталып, курмандык чалынган көрүнүштөр арбын кездешет. Жунгар (ойрот-калмак) уруулук бирикмесине киришкен дөрбөт (дэрбэт) жана баиттерде «харгачууд» — «каргалар» аттуу уруктар болгондугу маалым. Бул фактылар карганын моңгол тилдүү урууларда да тотемдик канаттуу болгондугун тастыктаары шексиз. Карга — кыргыздын моңолдор, чекир саяк урууларынын курамындагы уруктардын аталышы катары белгилүү.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]