Каргаша көмүр кени

Википедия дан

Каргаша көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынан 60 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында. Мындагы көмүр жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1942–55-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен Өзгөн көмүр бассейнинин түндүк-батыш тарабынан орун алып, эни 9 км, узундугу 13 км аянтты ээлейт. Кен «Сол өйүз», «Оң өйүз» жана «Түндүк-чыгыш» деп аталган үч участкадан турат. Аймагында негизинен юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотек катмарлары таралган. Көмүр негизинен кумдук, алевролит, аргиллит жана көмүрлүү сланецтердин арасында кездешет. Кенде көмүр катмары бар. Алардын ичинен V,VI – VII, VIII негизги катмарларынын калындыгы. Кендеги көмүр гумустуу, коксталат. Күйгөндө 34,3 МДж/кг жылуулук берет. Запасы С2 категориясы боюнча 129193 миң т (1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]