Кардиосклероз

Википедия дан

Кардиосклероз (кардио... жана склероз) – жүрөк-кан тамыр атеросклерозунда жүрөк кан менен жетишсиз камсыз болгондо жана сезгенгенде жүрөк булчуңунун туташтырма тканынын өсүп кетишинен болгон оору. Демейде жүрөктүн кандайдыр бир өнөкөт же катуу кармаган ооруларынан келип чыгат. Ага көбүнчө инфекция – аллергиялык, вирустук жана бактериялык миокардиттин кабылдоосунан болгон жүрөктүн таажыча артериясынын атеросклерозу себеп болот. Анын алгачкы жана негизги белгилери: адегенде кара күч жумшаганда, кийинчерээк тынч абалда да демигүүнүн пайда болушу; кийин оорулуунун тамыры тез кагат, буту шишийт, боору чоңоёт, өпкө кан тамырларында кан жай жүрүп, дем кыстыгат; жүрөк чоңоёт, жүрөк капкаларынын туташтырма ткандары өсүп, жүрөк кемтигине алып келет. Дарылоодо жүрөк булчуңун кан менен жабдууну жакшыртуу үчүн кан тамыр кеңейтүүчү дарылар, жүрөктүн начарлашын (жетишсиздигин) жакшыртуучу, кагуу ыргагын оңдоочу каражаттар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]