Кардифф

Википедия дан

Кардифф – Улуу Британиядагы тарыхый провинция Уэльстин административдик борбору. 1996-жылдан унитардык түзүлүш статусуна ээ. Бристоль булуңундагы порт (2005-жылы 2,5 млн тонна жүк ташылган). Калкы 311,5 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол. жана автомагистралдар Уэльстин жана Улуу Британиянын башка шаарлары менен байланышат. Учурда ири өнөр жай жана соода борбору. Кара металлургия, машина куруу (электр-техникалык, радиоэлектроника), тамак-аш (пиво), кагаз өнөр жай ишканалары жана 150дөн ашык фирмалар иштейт. Кардиффде көптөгөн массалык маалымат каражаттары (анын ичинде телекомпания жана BBC Wales радиостанциялары) жайгашкан. Алгач биздин заманга чейинки 1-кылымда эле адамдар отурукташкан. Сепил (11-кылым), Лландафта кафедралуу собор (12–15-кылым), готика стилиндеги Сент-Жон (15-кылым) жана Ыйык Иоанн Чокундуруучу (15-кылым) чиркөөсү сакталган. Университеттер, музыка жана королдук драма коллежи (консерватория; 1949), китепканалар системасы (19 филиалды камтыйт), музейлер (анын ичинде улуттук), көркөм искусство борбору (1999) жана башка бар. Жыл сайын ачык асман алдында маданий фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризмдин ири борборлорунун бири (жылына 11 млндон ашык турист келет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]