Мазмунга өтүү

Каримова Бурул Каримовна

Википедия дан

Каримова Бурул Каримовна (1939-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Будалык айылы) – биология илимдеринин доктору (1997), профессор (1998), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (1997). ОшПИни (1962), Өзбек ССР Илимдер академиясынын (Ташкент шаары) Ботаника жана микробиология институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1973). ОшМУда окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан ОшМУнун кадрларды кайра даярдоо институтунун директору, Ош технология университетинде кафедра башчысы, 2003-жылдан декан. Ботаника жана экология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы, 5 окуу китеби бар. Эмгектери: К вопросу об охране редких и исчезающих видов Южной Киргизии. Пермь, 1983; Төмөнкү өсүмдүктөрдүн систематикасы. 1ф2 бөлүк. Ош, 1990, 1994; Поясное распределение водорослей по водоёмам юга Кыргызстана. Б., 1996; Альгофлора водоемов юга Кыргызстана. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]