Каримов Мирзахалим

Википедия дан

Каримов Мирзахалим - жазуучу, котормочу.

Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Чоң-Кыргыз кыштагында туулган.
1969-жылы кыргыз орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1971–1973-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1973-жылы Жерге-Тал райондук керек-жарак коомунда айдоочулук кесип менен баштаган.
1978-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика бөлүмүн 1983-жылы аяктап,
1984-жылга чейин Тажик ССРинин Жерге-Тал райондук кыргыз жана тажик тилдеринде чыгуучу «Коммунист» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
1984-жылы Кыргызстанга көчүп келип, республикалык «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу»), андан кийин Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын «Эл жарчысы» ге-зиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, Иран Ислам Республикасынын Эларалык «Альхудо» басмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө котормочу, «Азаттык» радиосунда штаттан тышкаркы кабарчы, «Жаңы кылым» гезитинде редактордун орунбасары болуп иштеген.
М.Каримовдун «Чыныгы сүйүү» деп аталган алгачкы аңгемеси 1978-жылы Кара-Суу райондук "Эмгек майданы" гезитинде жарыяланган. Студент кезинде эле анын аңгемелери, очерктери, өзбек, тажик тилдеринен которгон адабий эмгектери республикалык гезиттерде, «Ала-Too» ж.б. журналдарда жарыяланып турган.
1983-жылы «Мажүрүм тал» аттуу аңгемелер жыйнагы «Мектеп» басмасы тарабынан басылып чыккан.
М.Каримов «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери» деп аталган котормо китебин түздөн-түз тажик тилинен которгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мажүрүм тал: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 40 б.

Кыя жолдор: Повесть ж-а аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 107 б.

Жер жылдызы – Жерге-Тал: Аймактын 60 жылдыгына арналган. – Б.: 1991 – 128 б.

Каратегин: Аңгемелер, повесть, очерктер, күйдүргүлөр. – Б.: Бийиктик, 2007. – 360 б.

Тажикстандык кыргыздар: Диалектологиялык түшүндүрмө сөздүк, оозеки чыгармалар, макал-лакаптар, очерктер, маектер. – Б.: Бийиктик, 2007. – 256 б.

КОТОРМОЛОРУ

Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери: – Ф.: Адабият, 1996. – 350 б.

Мухаммад пайгамбардын осуяттары: – Б.: Бийиктик, 2008. – 152 б.