Каркасон

Википедия дан

Каркасон, Каркассонн – Франциядагы шаар. Лангедок-Руссильон регионунда, Од департаментинин административдик борбору. Түштүк каналынын жана Од дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 50 миң (2008). Болжол менен Биздин заманга чейинки 1-кылымда римдиктер тарабынан негизделген. Биздин замандын 300-жылы ченде шаар айланта дубал менен (эски бөлүгү 2 сыйра; 52 мунарасы бар) курчалган. Бул дубалдардын алгачкы көрүнүшү ушул күнгө чейин сакталгандыктан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Роман-готика стилиндеги соборлор, чиркөөлөр, капелла, орто кылымга таандык оорукана сакталган. Музейлер (анын ичинде асем искусство, сүрөт) бар. Шарап ачытылат. Текстиль, бут кийим өндүрүшү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]