Каркоцкий Григорий Григорьевич
Көрүнүш
Каркоцкий Григорий Григорьевич [13.6 (31. 5). 1917, Чита шаары – 14. 5. 1988, Фрунзе] – драма артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1967). Свердлов мамлекеттик консерваториясын бүткөндөн (1945) Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрында (азыркы Ч. Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры) иштеген. Театрда иштеген 30 жыл ичинде 130дан ашык роль аткарган. Негизгилери: Митя (А. Островский, «Кедейлик кемтик эмес», 1947), Курочкин (Н. Дьяков, «Септүү той», 1950), Адыл (К. Эшмамбетов, «Саринжи», 1958), Рыбаков (Н. Погодин, «Кремль куранттары», 1956), Нурдин (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», 1962) жана башка Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9