Карлук мамлекети

Википедия дан

Карлук мамлекети – 766-жылы Түргөш кагандыгынын кыйрашынан улам пайда болгон мамлекеттик бирикме. Жети-Суу, Түндүк Тянь-Шань аймагында түзүлүп, 940-жылга чейин жашаган. Карлуктар оболу Батыш Алтай, Кара Иртыш дарыясынан Балхаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, 766-жылы Тараз менен Суяб шаарын басып алышкан. Натыйжада Кашкар, Фергана, Жети-Сууну кучагына алган мамлекет түзүлгөн. Борбору башында Суяб болуп, кийин Иле боюна көчүрүлгөн. Мамлекет башчысы алгач жабгу, 840-жылдан кийин каган деп аталган. 8–10-кылымдарда Балхаш менен Ысык-Көлдүн, Иле менен Талас өзөндөрүнүн бойлорун жердешкен. Тибеттиктер менен союз түзүп, О. Азиядагы согду жана түрк урууларын колдоп, араб баскынчыларына каршы күрөшүшкөн. 861-жылы Кашкарды каратып алышкан. 904-жылы Карлук мамлекетинин аскери Мавереннахрга жортуул жасап, жеңилип калган. Караханид мамлекетинин түзүлүшү менен Карлук мамлекетинин жашоосу токтогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]