Карналлит

Википедия дан

Карналлит (немец геологу Р. Карналлдын атынан) – хлориддер тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы KCl.MgCl26H2O. Кошундулары: коргошун, цезий, бром Ромб системасында кристаллданат. Өңү ак, саргыч күрөң, кызгылтым. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 2,5. С. салмагы 1,6. Сууда жакшы эрийт. Нымдуу абада эзилет. Ачуу туз даамы бар. Калий тузунун жер семирткич үчүн колдонулуучу негизги минералы. Магний кен ташын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]