Карнас

Википедия дан

Карнас, Карнас Кара — "Мажму ат-таварихтеги" каарман. Якуб - бектин (Жакыптын) бир тууганы. Жолой көп кол менен келип Кара-Кыштакты талкалап, Якуб - бекти туткундап кеткенде К. качып чыгып Манаска кабарлайт. Жортуулдарда, согуштарда дайыма Манас менен бирге жүрөт. К-тын ысымына караханийлер учурунда "улуу", "кудуреттүү" деген маанини туюнткан "кара" сөзүнүн кошо берилиши мүмкүн бул каармандын баатырдыгынын белгиси. К. кезегинде жекеге чыгып, душман менен бетме-бет кармашса, көп учурларда маанилүү кабарды убагында жеткире алган чабарман дагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4