Карно цикли

Википедия дан

Карно цикли – эки изотерма жа эки адиабата процесстеринен турган кайталанма, айланма процесс (жүрүш). Жылуулук машиналарынын пайдалуу аракет коэффициентин аныктоодо франциялык инженер Н. Л. С. Карно бул циклди 1824-жылы биринчи изилдеген. Карно циклинин пайдалуу аракет коэффициенти (n) жумуш аткаруучу нерсенин (буу, газ жана башка) касиетине көз каранды эмес, ал жылуулук бергичтин Т1 жана жылуулук кабыл алгычтын Т2 температураларынын чоңдугу менен аныкталат, башкача айтканда n=(Т1–Т2)/Т1. Ар кандай жылуулук машиналарынын пайдалуу аракет коэффициентинин Карно циклинин пайдалуу аракет коэффициентинен көп болушу мүмкүн эмес. Карно цикли термодинамиканы жана жылуулук техникасын өнүктүрүүдө, жаңы кыймылдаткычтарды жасоодо чоң мааниге ээ. Карно циклине таянып, температуранын абсолюттук термодинамикалык шкаласы түзүлгөн, Клапейрон-Клаузиус теңдемеси чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]