Каротаж

Википедия дан

Каротаж (французчаcarote – сабиз) – жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын жана пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү геофиз. ыкма. Негизинен тектердин литологиялык, петрографиялык өзгөчөлүктөрүнө, физикалык касиеттерине негизделген. Мында геофизикалык аспаптар кабель менен көзөнөккө түшүрүлүп, тоо тектеринин касиеттерине байланыштуу маалыматтар алынат. Маалымат автомашинага орнотулган аппаратка диаграмма же сан түрүндө берилет. Аны анализдеп, тоо тектерди катмарларга бөлүүгө болот. Тоо тектердин физикалык касиеттерине жараша каротаж ыкмасы төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 1) электр каротажы тоо тектердин электр өткөрүү касиеттерин, каршылык көрсөтүүлөрүн, табигый электр токторун аныктайт; 2) радиоактивдүү (ядролук) каротаж тоо тектеринин табигый радиоактивдүүлүгүн, нейтрондордун тыгыздыктарын экинчи жолу пайда болуучу гамма нурларды изилдейт; 3) терм каротажы бургулоо көзөнөктөрүндөгү температураны өлчөйт; 4) акустикалык (ультра үн) каротаж тоо тектеринде үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына жана алардын жок болуп кетишине байкоо жүргүзөт; 5) магниттик каротаж тоо тектеринин магниттик касиеттерин, табигый магниттүүлүктөрдү иликтейт. Каротаж жүргүзүү менен бургулоо көзөнөгүндөгү тоо тектердин катмарлары салыштырылат. Литологиялык курамы, калыңдыгы аныкталат. Пайдалуу кендердин (нефть, газ, көмүр, кенташ, курулуш материалы жана башка) өлчөмү, саны эсептелет. Нефть, газ иштетүү жумуштары көзөмөлгө алынат. Нефть менен газ кендерин изилдөөдө, терең бургуланган көзөнөктөр боюнча геологиялык документация жүргүзүүдө зор роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]