Каррерас Хосе
Каррерас Хосе (5. 12. 1946-жылы туулган, Барселона) – испан ырчысы (тенор). 11 жашынан «Лисео» (Барселона) театрында М. де Фальининин «Петро маэстронун балаганчиги» операсынан Аңгемечинин партиясын аткарган. Барселона консерваториясын бүткөн. Алгач 1970-жылы Барселона театрынын сценасында В. Беллининин «Норма» операсында Флавиянын партиясын ырдап чыккан. Пармадагы Ж. Верди атындагы вокалисттер конкурсунун лауреаты (1971). Ж. Вердинин «Набукко», Г. Доницеттинин «Лукрецио Борджиа», (экөө тең «Лисео» театры, 1970), «Мария Стюарт» (Лондон, 1971) операларын М. Кабалье менен бирге ырдап чыккандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган. Х. Каррерас 60тан ашык опералык партияны «Ла Скала» (Милан), «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк), «Ковент-Гарден» (Лондон), Вена жана Бавария мамлекеттик (Мюнхен) опера театрлары жана башка дүйнөлүк театрлардын сценаларында чоң чеберчиликте аткарган. 1990-жылы П. Доминго жана Л. Паваротти менен бирге «Үч тенор» эл аралык долбоорунун алкагында ырдап чыккан. Эл аралык Лейкемияга каршы күрөшүү фондун уюштурган (1988). Ардактуу легион ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9